Колл - борбор: 105, 1209

Сел келген аймактарга электр жарыгы толук кандуу берилди

16 Июль 2024 ж.

  16.07.2024. Саат- 08:30
Бүгүн, 16-июль саат 08:30га карата толук кандуу жарык берилди.
 
 2024-жылдын 14-июлунда Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында жүргөн катуу селдин кесепетинен “КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Кара-Суу РЭТи тейлеген 7500 керектөөчү жарыксыз калып, 8 даана электр тирөөчтү сел агызып кеткен.
 
Учурда Кара-Суу районунда жайгашкан 110/10 кВ Беш-Мойнок көмөк чордонуна сел киргендиктен,оңдоп-түзөө, калыбына келтирүү иштери жасалып, чыңалуу толук кандуу 7500 абонентке берилди. 4 трансформатор жеке менчик болгондуктан калган 25 керектөөчүгө электр энергиясын берүү аракеттери көрүлүүдө.
 
Жалпы 26 персоналдан турган авариялык оңдоп түзөө бригадалары иштеп, 6 даана атайын техника - 4 даана бригадалык автоунаа, 1 даана экскаватор, 1 даана камаз жумушка тартылган.
 
Мындан тышкары “КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Сулайман-Тоо РЭТи тейлеген Ош шаарындагы “Центр” көмөк чордонунун ЭлТР фидеринен 1 даана, “Катта-Сай” көмөк чордонунун Дача фидеринен 1 даана 10кВ электр мамычалары сынып, агып кеткен.
 
Азыркы учурда электр тирөөчтөрү калыбына келтирилип, жаңы тирөөчтөр коюлду. Ошондой эле, “Төлөйкөн” көмөк чордонунун Түндүк фидерине чагылган түшүп, трансформаторду алмаштыруу иштери жасалууда.