Колл - борбор: 105, 1209

Сталин айылында 160кВА кубаттуулуктагы трансформатор 400 кВА кубаттуулуктагы трансформаторго алмаштырылды

13 Ноябрь 2023 ж.

Ноокат РЭТинин Кыргыз-Ата бөлүмүнө караган Сталин айылында 160кВА кубаттуулуктагы трансформатор 400 кВА кубаттуулуктагы трансформаторго алмаштырылды.
 
Бул трансформатордон чыккан аба чубалгыдан жалпы 130 кожолук электр энергиясы менен камсыздалат.
 
Эскерте кетсек, буга чейин Ош электр тармактары ишканасына жалпы 30 даана жаңы трансформатор келген жана бардык РЭТтерге таркатылып берилип, коюлду.