Колл - борбор: 105, 1209

Сулайман-Тоо РЭТинде күз-кыш мезгилдерине карата даярдык көрүлүүдө

8 Август 2023 ж.

Энергетиктер кызматта
Ош электр тармактары ишканасынын Сулайман-Тоо РЭТинде күз-кыш мезгилдерине даярдык иштери жүргүзүлүүдө.
Сулайман-Тоо РЭТинде быйылкы жылга 255 километр атайын изоляцияланган (СИП) өткөргүчтөр пландалып, бүгүнкү күндө анын 50 километри тартылып бүттү. Калган 205 километрди тартуу иштери ушул жылдын 1-ноябрына чейин уланат.
Ошондой эле, 2 жылдан тарта ЕБРР (Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы) долбоорунун алкагында Анар, Учар, Ош-3 көмөк чордондорунда эскилиги жеткен электр мамычалары алмаштырылууда. Азыркы тапта 379 даана электр мамычасы алмаштырылып бүттү, бул жылга карата 1316 даана пландалган.
Мындан тышкары пландын негизинде, трансформаторлор кезектеги ткехникалык кароодон өткөрүлүп, аба чубалгыларына тоскоолдук жараткан бак-дарактар кыйылып, тазаланууда.
Жалпысынан Сулайман-Тоо райондук электр тармактары Ак-буура дарыясынын бир жак өйүзүн, башкача айтканда Ош шаарынын аймагынын 60 пайызын сапаттуу электр энергиясы менен камсыздайт.