Тизеден жааган карды жиреген энергетиктер
16 Декабрь 2025 ж.
“КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Ноокат РЭТинин энергетиктери Көк-Бел айыл аймагында жайгашкан 35/10 кВ “Көк-Бел” көмөк чордонунун “Телевышка” фидеринен чыккан, узундугу 8,78 км болгон аба чубалгыда орун алган аварияны жоюу иштерине чыгышты.
Аталган аймакта кар калың жаап, аба чубалгыда авариялык кырдаал жаралган. Жол шарттарынын оордугуна байланыштуу энергетиктер унаа менен да, ат минүү аркылуу да жетүү мүмкүн эмес болгон. Ошого карабастан, тизеден жааган карды жиреп, татаал шартта үзгүлтүккө учураган электр энергиясын кыска мөөнөт ичинде калыбына келтиришти.
Бул энергетиктердин өз ишине болгон жоопкерчилигин, кесипкөйлүгүн жана элге кызмат кылуудагы берилгендигин айгинелейт. Каардуу кыштын шартында да жарыкты кайтаруу үчүн тынымсыз эмгектенип жаткан энергетиктер - ишенимдүү тармактын тиреги.