Ыйык Орозо айы кут болсун!
19 Февраль 2026 ж.
«КУЭТ» ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасы жалпы кыргызстандыктарды ыйык Орозо айынын башталышы менен чын жүрөктөн куттуктайт!
Бул куттуу ай - сабырдын, тазалануунун, ырайымдуулуктун жана кайрымдуулуктун айы. Ар бир аткан таң жаңы үмүттөрдү ойготуп, ар бир баткан күн жүрөгүбүзгө тынчтык жана шүгүрчүлүк тартууласын. Орозо айы ар бирибизге руханий күч-кубат, ак ниет тилектердин ишке ашышын жана жакшы амалдардын көбөйүшүн насип кылсын.
Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана берекелүү жашоо каалайбыз. Ар бир үйдө жарык болуп, очоктун табы өчпөй, ынтымак менен сүйүү өкүм сүрсүн. Жаркын майрам ар бир үй-бүлөгө жылуулук, кубаныч, ынтымак, береке жана бакубатчылык алып келсин!
Орозо айыңыздар кут болсун!

______________________________

Ош электр тармактары ишканасынын басма сөз кызматы.