Колл - борбор: 105, 1209

Юсупов айылына орнотулган жаңы трансформатор үчүн энергетиктерге эл ыраазы

24 Ноябрь 2023 ж.

Юсупов айылына орнотулган жаңы трансформатор үчүн энергетиктерге эл ыраазы
 
Бүгүнкү күндө Ош облусунун Араван районуна караштуу Юсупов айылында жайгашкан 35/10кВ “Парники” көмөк чордонундагы 6300 кВА кубаттуулуктагы күч трансформатору айыл элин үзгүлтүксүз сапаттуу электр энергиясы менен камсыздап келет.
Эсиңиздерге сала кетсек, 1-ноябрга чейин күз-кыш мезгилдерине карата жүргүзүлүлгөн ремонттук иштердин акагында, Ош электр тармактары ишканасынын көмөк чордондор кызматы тарабынан Юсупов айылындагы 4000 кВА кубаттуулуктагы күч трансформатору 6300 кВА кубаттуулуктагы күч трансформаторуна алмаштырылган. Эскини жаңыга алмаштырып, үзгүлтүксүз жарык жана жылуулук менен камсыздаган энергетиктерге эл ыраазы болууда.
 Жогорку кубаттуулуктагы трансформаторду орнотуу муктаждыгы Юсупов айылындагы калктын санынын өсүшүнө байланыштуу, кубаттуулуктун жетишсиздигинен келип чыккан. Айыл тургундарынын айтымында, жаңы трансформатор орнотулгандан бери авариялык өчүү дээрлик катталбаган.
Мындан тышкары Чек-Абад, Анарк көмөк чордондорунда дагы күч трансформаторлорунун кубаттуулугу жогорулатылган. Энергетиктердин негизги максаты ар бир үйгө жарык жана жылуулук тартуулоо!