Өзгөн районунда 2025-жылы 796 даана КТП ремонттон өткөрүлөт
9 Июнь 2025 ж.
“КУЭТ” ААКтын филиалы — Ош электр тармактар ишканасынын Өзгөн РЭТинде район боюнча 1294 КТП бар. Анын 796 даанасы РЭТтин балансында, ал эми 498 даанасы керектөөчүлөрдүн балансында турат. 2025-жылы 129 даана КТП капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлсө, 654 даана КТП техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт.
Бүгүнкү күндө, 5 айдын жыйынтыгы боюнча, 29 КТП капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп бүттү. Ал эми утурумдук оңдоп-түзөө боюнча учурда 247 даанасы аткарылып бүттү.
Капиталдык курулуш планынын негизинде, 2025-жылга Өзгөн РЭТинде 10 кВ чыңалуудагы 396 даана электр мамычасы орнотулуп, жаңы 1,4 км аба чубалгысы тартылып, калган бөлүгү реконструкциядан өткөрүлөт. Ал эми 0,4 кВ кубаттуулукта 60 даана электр мамычасы орнотулуп, 3,5 км аба чубалгысы курулат.
Өзгөн РЭТи боюнча жалпы 51 962 керектөөчү бар. Анын ичинен 48 037 даанасы — калк керектөөчүлөр, ал эми 3 925 даанасы — калк эмес керектөөчүлөр. 2025-жылы Өзгөн РЭТинин бардык калк керектөөчүлөрүнө (АСКУЭ) акылдуу электр эсептегичтер орнотулат.
Азыркы учурда 1-фаза эсептегичтерден 9309 даана, ал эми 3-фаза эсептегичтерден 55 даана орнотулуп бүттү.
Электр энергиясы боюнча суроолоруңуз болсо, күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна: 105, 1209
+996 772 001209
+996 702 001209
+996 556 001209 (whatsapp) номурлары аркылуу кайрылсаңыздар болот