Колл - борбор: 105, 1209

Өзгөн РЭТи күз-кыш мезгилине 90% га даяр

1 Октябрь 2025 ж.

«КУЭТ» ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Өзгөн райондук электр тармактары күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин улантууда. Бүгүнкү күнгө карата аткарылган иштердин көлөмү 90%ды түздү.
Жүргүзүлгөн иштер:
•654 даана көмөкчү чордонго (трансформаторго) техникалык тейлөө жүргүзүлдү;
•129 даана КТП капиталдык оңдоодон өткөрүлдү;
•879,39 км узундуктагы 10 кВ аба чубалгыларына техникалык тейлөө жасалды;
•8,2 км 10 кВ аба чубалгылары капиталдык оңдоодон өткөрүлдү;
•831,15 км узундуктагы 0,4 кВ аба чубалгыларына техникалык тейлөө жүргүзүлдү.
2025-жылга карата капиталдык курулуш планы боюнча:
•5 даана кошумча трансформатор орнотуу;
•1,4 км узундуктагы жаңы 10 кВ аба чубалгысын куруу;
•3 км 0,4 кВ аба чубалгысын куруу;
•3,8 км 10 кВ аба чубалгысын реконструкциялоо;
•7 даана трансформаторду алмаштыруу;
•6 даана шкафты алмаштыруу иштери жүргүзүлүп жатат.
Мындан тышкары, калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо максатында акылдуу эсептегичтер орнотулууда. Азыркы тапта 20 115 даана акылдуу эсептегич орнотулуп, жыл аягына чейин жалпы 30 754 даана орнотулат.
Өзгөн РЭТ тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер пландын негизинде уланууда жана ноябрь айында толугу менен аяктайт.
Жасалып жаткан иштердин негизги максаты - калкты үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу, ошондой эле электр тармагындагы ишенимдүүлүктү жогорулатуу болуп саналат.
__________________________
Ош электр тармактары ишканасынын басма сөз кызматы✍🏻