Колл - борбор: 105

Өзгөн РЭТинде коррупциялык тобокелчиликтердин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

5 Июнь 2026 ж.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизилген акыркы өзгөртүүлөрдү түшүндүрүү, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана кызматкерлердин укуктук сабаттуулугун жогорулатуу максатында “КУЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Өзгөн РЭТинде энергетиктерге жыйын өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Ош ЭТИнин “Биринчи” бөлүмүнүн башчысы Д.Мырсабекова, ОРЭ бөлүмүнүн башчысы М.Камалов, Юридикалык бөлүмдүн башчысы А.Исаев жана Өзгөн районунун УКМК кызматкери К.Адиев коррупция түшүнүгү, анын коом жана мамлекет үчүн тийгизген зыяны, ошондой эле 2024-жылдын 31-декабрындагы №209 «Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамынын негизги жоболору боюнча кеңири маалымат беришти.
Иш-чаранын соңунда кызматкерлер мыйзамды билбегендиги жоопкерчиликтен бошотпой тургандыгы эскертилди. Ошондой эле массалык маалымат каражаттарында жана интернет тармагында жарыяланган түшүндүрүүчү роликтер менен таанышып туруу сунушталды.
Жыйын катышуучулары сак болууга чакырылып, пара берген адам да, пара алган адам да мыйзам алдында бирдей жооп берери белгиленди. Жыйынга Өзгөн РЭТинин жетекчилиги, кызматкерлер жана жалпы энергетиктер катышышты.