Колл - борбор: 105, 1209

Жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларын долбоорлоо аракеттери көрүлүүдө

25 Январь 2024 ж.

  “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Кара-Кулжа РЭТинин Алайкуу өрөөнүндө жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларын долбоорлоо аракеттери көрүлүүдө
 
  Ош ЭТИнин башкы инженери Марат Раймалиев, “КУЭТ” ААКтын долбоорлоо конструкциялык бөлүмүнүн орун басары Казатбек Аттокуров, Бишкек электр тармактар ишканасынын кабелдик аба чубалгыларынын мастери- Айбек Кирбашев жана Ош ЭТИнин Жогорку чыңалуу кызматынын башчысынын орун басары- Эркин Абасбеков Алайкуу өрөөнүндөгү кар көчкү көп түшкөн жана чоң таштар кулаган жерлердеги жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары өткөн электр мамычаларынын абалы менен таанышышты.
 
  Алайкуу өрөөнүндө кыш дээрлик 6 айга чейин созулат. Бул жерде аба чубалгыларын алып өтүү үчүн, электр мамычаларын орнотууга такыр мүмкүнчүлүк болбогон жерлер да бар. Мисалга, Ой-Тал айыл өкмөтүндө 2 жерде электр мамычасын жайгаштыруу мүмкүн болбогондуктан бийик аскадан асман менен аба чубалгысын алып өтүшкөн. Адистер учурда долбоордо аба менен же жер аркылуу электр чубалгыларын алып өтүүнү анализдеп көрүшүүдө.
 
  Ошондой эле, Ош ЭТИнин башкы инженери Марат Раймалиев Кара-Кулжа РЭТинин “Терек” бөлүмүнүн имаратынын абалы жана энергетиктердин маселелери менен жакындан таанышып кайтты.