Колл - борбор: 105, 1209

Жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларында пландалган ремонттук иштер башталды

23 Март 2024 ж.

 “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы Ош электр тармактары ишканасынын жогорку чыңалуудагы аба чубалгылар кызматынын Кара-Суу бөлүмүнүн бригадасы 110кВ Жалал-Абад Өзгөн аба чубалгысында пландалган кезектеги утурумдук жумуштарды жасашууда.
 
 Тактап атйканда, эскилиги жеткен фарфор изоляторлор жаңы типтеги айнек изоляторлорго алмаштырылууда.
 
Аткарылып жаткан иштер менен Ош ЭТИнин башкы инженери Марат Раймалиев жеринен таанышып, тийиштүү тапшырмаларды берди.