Колл - борбор: 105, 1209

13-октябрь пландуу ремонт иштерине байланыштуу өчүрүүлөр

12 Октябрь 2023 ж.

2023-жылдын 13-октябрь күнү саат 08.00дөн 17.00гө чейин 2023-2024-жылдардагы күз-кыш мезгилдерине энергообьектилерди даярдоо иштерине байланыштуу төмөндөгү даректерде электр энергиясы убактылуу болбойт:

➡️ Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек, Каратай, Лянгар, Топ-Терек, Карван-Кол, Бекжар, Талдык, Лаглан, Тээке,Кичик,Алгабас айылдарында. Ош шаарынын 222, 223 кварталдарында.

➡️ Ош шаарынын Жеткинчек лагеринде, Иподром, Автозаводская 3 А, Төлөйкөн, Дача, Арек, Орке, Бирлешкен айылдарында. Нурматов, Масалиев, Абдразаков, Мияшев, Бадыгина, Спортивная,
Некрасова, Ташкентская көчөлөрүндө.

➡️ Кара-Кулжа районунун Биймырза, Кара-Кулжа, Сары-Бээ айылдарында.

➡️Алай районунун Үч-Дөбө, Ак-Босого, Алай, Сары-Таш, Талды-Суу, Сары-Могол, Бүлөлү, Будалык, Ленин, Жошолу, Корул айыл өкмөттөрүндө жана Жылуу-Суу, Кыркоол айылдарында.

Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз!