Колл - борбор: 105, 1209

Бүгүн 15-июль саат 8:28ге карата маалымат боюнча Кара-Суу районунда 5100 абонентке жарык берилди

15 Июль 2024 ж.

 
2024-жылдын 14-июлунда Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында жүргөн катуу селдин кесепетинен “КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Кара-Суу РЭТи тейлеген 7500 керектөөчү жарыксыз калган.
 
Бул аймактан 8 даана электр тирөөчтү сел агызып кеткен.
Кара-Суу районунда жайгашкан 110/10 кВ Беш-Мойнок көмөк чордонуна сел киргендиктен, Фуркат, Подсобный, Ачы, Коровник фидерлери чыңалуусуз калган.
Чыңалуусуз калган фидерлерге Ош-6 көмөк чордонунан чыңалуу берилип, натыйжада 5100 абонентке жарык берилди. Калган 2400 абонентке электр энергиясын берүү аракеттери көрүлүүдө.
 
Жеринде “КУЭТ” ААКтын башкы директорунун орун басары Доктурбай уулу Жолдошбек абал менен таанышып, электр жабдыктарын тезинен калыбына келтирүү боюнча тапшырма берди.
Жалпы 26 персоналдан турган авариялык оңдоп түзөө бригадалары иштеп жатат. 6 даана атайын техника - 4 даана бригадалык автоунаа, 1 даана экскаватор, 1 даана камаз жумушка тартылды.
 
Мындан тышкары Ош ЭТИнин кызматкерлери көмөк чордондогу селдин калдыктарын, таштандыларды тазалоо иштерин жеринде жүргүзүшүүдө.