Колл - борбор: 105, 1209

Чоң-Алай районунда 22 км 10 кВ жогорку чыңалуудагы Жекенди аба чубалгылары тартылууда

4 Ноябрь 2024 ж.

  Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүндө 10 кВ кубаттуулуктагы 2 чынжырлуу аба чубалгылар тартылууда. Жалпы узундугу 22 кмди түзөт. Жалпы 464 даана 10,5-5 тибиндеги, 59 даана 9,5-3 тибиндеги электр мамычалары орнотулган.
 
  Бүгүнкү күндө, “КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасына караган бардык РЭТтерден электр куроочулар келип, жалпы 25 кызматкер менен 132000метр СИП-3 тибиндеги чубалгыларын тартуу иштери жүрүп жатат. Жекенди айыл өкмөтүндөгү бул линияда жалпы 1360 абонент бар.
 
  Жасалып жаткан иштерден Ош электр тармактары ишканасынын капиталдык курулуш иштери боюнча директордун орун басары Улан Мамасадыков жеринен кабар алып, көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин ыкчам жана сапаттуу бүткөрүү боюнча тапшырма берди.