Колл - борбор: 105, 1209

КУЭТ” ААКтын башкы директорунун 1-орун басары Доктурбай уулу Жолдошбек жумуш сапары менен Ош ЭТИне келди

16 Июль 2024 ж.

КУЭТ” ААКтын башкы директорунун 1-орун басары Доктурбай уулу Жолдошбек, Ош ЭТИнин башкы инженери Раймалиев Марат Араван, Ош РЭТтерине жана 220/110/10 кВ “Узловая” көмөк чордонуна барып күз-кышка даярдык боюнча кабар алып, энергобъектилердин абалы жана энергетиктердин жумушу менен жеринен таанышты.
 
Ошондой эле, Доктурбай уулу 14-июль сел каптаган “Беш-Мойнок” көмөк чордонунун учурдагы абалынан кабар алды.
 
Бүгүн 16-июльга карата Кара-Суу РЭТинин энергетиктери Беш-Мойноктогу 4 даана жеке менчик трансформаторду оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, калган 25 абонентке да жарык берилди. Мындан тышкары 110/10 кВ “Беш-Мойнок” көмөк чордону да калыбына келтирилип, толук түрдө ишке берилди.