Ош электр тармактар ишканасында 46 даана трансформатор жаңыланат
8 Июнь 2026 ж.
Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана керектөөчүлөрдү туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо максатында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы - Ош электр тармактар ишканасы тарабынан 2026-жылга карата капиталдык курулуш планынын негизинде 46 жаңы трансформатор орнотулуп, пайдаланууга берилет.
Аталган планга ылайык:
•30 даана жаңы комплекттүү трансформатордук көмөк чордон (КТП жана ГКТП) орнотулат;
•16 даана эски трансформатор жаңыларына алмаштырылат;
Жүргүзүлө турган иштердин негизги максаты - электр энергиясынын сапатын жакшыртуу, чыңалуунун туруктуулугун камсыз кылуу жана күз-кыш мезгилинде жаралышы мүмкүн болгон ашыкча жүктөмдөрдүн алдын алуу болуп саналат.
Мындан тышкары, жаңы трансформаторлордун орнотулушу электр тармактарындагы техникалык жоготууларды кыскартууга, жаңы абоненттерди кошууга жана калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого мүмкүнчүлүк түзөт.
Учурда Ош электр тармактар ишканасы тарабынан пландалган иштер этап-этабы менен ишке ашырылууда. Бардык курулуш-монтаждоо жана жаңылоо иштери белгиленген мөөнөттө бүткөрүлөт.
Бул иш-чаралар аймактагы энергетикалык инфраструктураны чыңдоого жана электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.