Ош облусунда электр энергиясынын кубаттуулугун жогорулатуу иштери жүргүзүлөт
19 Март 2026 ж.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги энергетика тармагындагы тартыштыктан чыгуу жана электр энергиясына болгон кубаттуулукту жогорулатуу максатында долбоорлорду ишке ашырууда. Анын алкагында, быйыл Ош облусу боюнча 2 көмөк чордон ишке берилет.

2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилдерине карата даярдык көрүү максатында Өзгөн районунда 110/35/10 кВ «Мырза-Аке» көмөкчордону курулат.
Бул көмөк чордон курулуп, ишке берилгенден кийин, 1290 түтүндү электр энергиясы менен камсыз кылат.
Жогорудагы стратегиялык мааниге ээ объект аймактагы керектөөнүн өсүшүн эске алуу менен жаңы кубаттуулуктарды камсыз кылып, электр энергиясын бөлүштүрүүнүн сапатын бир кыйла жакшыртат.

110/10 кВ “Беш-Мойнок” көмөкчордонуна 10 МВА болгон 2-кезектеги трансформатор орнотулат. Буга чейин кубаттуулугу Т-1 10000 кВА трансформатор иштеп турган. Бул Кара-Суу районунун Мады айыл аймагын жана Ош шаарынын Фурхат айылын электр энергиясы менен камсыздайт.
Аталган иштер жогорку чыңалуудагы жабдуулардын ишенимдүүлүгүн арттырып, авариялык өчүрүүлөрдүн санын кыскартууга өбөлгө түзөт.
Мындан тышкары, жогорку чыңалуудагы аба тармактар кызматы тарабынан Кара-Суу, Отуз-Адыр, Кызыл-Абад 35 кВ аба чубалгыларында, ошондой эле Өзгөн–Новая багытындагы чубалгыларда өткөргүчтөрдү жаңылоо иштери жүргүзүлөт. Бул иш-чаралар электр тармактарынын өткөрүмдүүлүк мүмкүнчүлүгүн жогорулатып, жүктөмдү тең салмактуу бөлүштүрүүгө шарт түзөт.
Жүргүзүлө турган иштердин негизги максаты:
• калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз жана сапаттуу камсыз кылуу;
• тармактардын өткөрүмдүүлүк кубаттуулугун арттыруу;
• авариялык өчүрүүлөрдүн санын азайтуу;
• керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жакшыртуу;
• өндүрүштүк базаны бекемдеп, техникалык шарттарды өркүндөтүү.
Пландаштырылган иштер үстүбүздөгү жылдын март айында башталып, ноябрь айына чейин жүргүзүлөт.
Электр энергиясы боюнча суроолоруңуз болсо, күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна: 105,
+996 772 001209
+996 702 001209
+996 556 001209 (whatsapp) номурлары аркылуу кайрылсаңыздар болот.