Ош шаарында эскилиги жеткен жыгач электр мамычалары жаңы темир бетон мамычаларга алмаштырылууда

8 Май 2024 ж.

 Шаар калкынын жарымын электр энергиясы менен камсыздаган “Кыргызстан УЭТ” ААКтын филиалы Ош электр тармактары ишканасынын Ош РЭТи тарабынан 2024-2025-жылга карата пландалган ремонттук иштер жасалууда.
 
 Бүгүнкү күндө Жибек-Жолу МАБтын Беш-Кепе бөлүмүндө ВЛ-10 кв аба чубалгысында 3 км 300м метр чубалгы тартылып, 8 даана жаңы темир бетон электр мамычасы алмаштырылууда.