Колл - борбор: 105

Ошто 134,64 км СИП чубалгылары жаңыланып тартылат

5 Март 2026 ж.

Энергетика министрлигинин тармакты өнүктүрүүгө багытталган реформаларынын алкагында 2026-жылы Ош облусунда масштабдуу курулуш жана реконструкция иштери жүргүзүлөт. Анын негизинде жалпысынан 134,64 чакырым СИП аба чубалгысы жаңыдан курулуп жана эскилиги жеткен өткөргүчтөр жаңыланат.
Бул иштер заманбап өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган өткөргүчтөрдү (СИП) колдонуу менен ишке ашырылып, электр энергиясын жеткирүүнүн сапатын жакшыртууга, авариялык өчүүлөрдү азайтууга жана техникалык жоготууларды төмөндөтүүгө багытталган.
2026-жылга карата пландалган иштер:
•10 кВ аба чубалгысын жаңы куруу - 16,33 км
•10 кВ аба чубалгысын реконструкциялоо - 50,67 км
•0,4 кВ аба чубалгысын жаңы куруу - 15,3 км
•0,4 кВ аба чубалгысын реконструкциялоо - 52,34 км
Аткарыла турчуу иштер Ош облусунун тургундарын жана керектөөчүлөрдү туруктуу, сапаттуу жана коопсуз электр энергиясы менен камсыздоого өбөлгө түзөт. Күз-кыш мезгилдерине карата даярдык көрүүнүн алкагындагы бул жумуштар март айында башталып, ноябрь айына чейин жүргүзүлөт.
Энергетика тармагындагы модернизация иштери мындан ары да ырааттуу улантылат.
☎️Эгерде сизде электр энергиясына байланыштуу суроолор болсо күнү-түнү иштөөчү колл-борборго кайрылыңыздар:
Колл-борбору : 105; 1209;
0772001209,
0556001209,
WhatsApp 0702001209